http://ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 18 чөө атылды

Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 18 чөө атылды

10 Фев , 13:28 681

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда эки күндүн ичинде 18 чөө атылды. Бул иштер Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматкерлери жана аймактын мергенчилер коомунун мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлдү. Аталган иш-чара Балыкчы шаары жана Тоң районунун айрым айыл тургундарынын арызынын негизинде жүргүзүлгөн. Алардын билдирүүсүндө, чөөлөр көбүнчө майда мал жандыктарына жана үй канаттууларына зыян тийгизгендиктен улам, демилгеленген. Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматерлеринин билдирүүсүндө, чөөлөр аймакка кыштаганы келген жапайы канаттууларга да кол салууда.

"Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматкерлери жана аймактын мергенчилер коомунун мүчөлөрү тарабынан жырткыч, зыянкеч жаныбарларды азайтуу иштери жүргүзүлдү. Жаратылышты коргообиздин түздөн-түз милдет болгондон кийин биотехникалык иш-чара карата жүргүзүлдү. Бул иш чаралар мындан ары да улантыла бермекчи",- дейт Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Ысык-Көл биосфералык аймагынын директору Эрлан Сүйүнбаев.  

"Жергиликтүү элден абдан көп арыз түштү. Мындан сырткары аймактагы биосфералык аймак дагы башка жандыктарга көп зыян келип жаткандыгына байланыштуу демилге кылышты. Мындан улам, биз мергенчилер, егерлер келип түшкө чейин сегиз баш аттык. Дагы эки сыйра кыдыруу иштери жүрөт. Негизинен бул иш чарага облус аймагындагы мергенчилер жана Бишкек шаарынан мергенчилер иттери менен келип абдан чоң колдоо көрсөтүштү",- деди Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Марат Өмүрбеков.

Новости по дате