http://ktrk.kg/Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер көбөйүүдө

Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер көбөйүүдө

11 Фев , 16:46 605

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу туризм тармагын өнүктүрүү маселесин караган өкмөттүк кеңешмеде айтылды. Түркия, Кытай, Германия, Индия, АКШ, Сауд Арабиясы, Япония, Польша жана Испаниядан былтыр 289 миңден ашуун адам келген. Алардын айрымдары гана иш сапар менен келиши мүмкүн. Көпчүлүгү негизинен эс алуучулар. Кеңешмеде тармакты өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

“Өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү туризмдин үлүшү болжол менен 5 пайызды түзөт. Биздин максат аны 2023-жылга чейин 7 пайызга жеткирүү. Былтыр тогуз айда тармактын кирешеси 19 миллиард сомдон ашкан. Бул чакан экономика үчүн натыйжалуу көрсөткүч”,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Новости по дате