http://ktrk.kg/С.Жээнбеков: аймактарга инвестиция тартуу талаптагыдай эмес

С.Жээнбеков: аймактарга инвестиция тартуу талаптагыдай эмес

12 Фев , 14:45 85

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул эле жыйында өлкө башчысы мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатканын айтты. Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок. Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда», — деди.

Президент белгилегендей, өткөн жыйында жеңил өнөр жайын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жөнүндөгү маселелер талкууланган. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга сунуштар берилген. Ошондой эле, бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну макулдашканбыз. 

Аны менен катар, Комитеттин мүчөлөрүнө региондордо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасы берилген. Региондорду өнүктүрүү — бул жылы да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп каларын мамлекет башчысы эскертти.


Новости по дате