http://ktrk.kg/Ишкердикти колдоодогу салыктык жеңилдиктер

Ишкердикти колдоодогу салыктык жеңилдиктер

12 Фев , 14:48 148

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Элет жериндеги ишкердикти колдоо үчүн сезилээрлик салыктык жеңилдиктер берилди. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттинин экинчи жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы өткөн жылдары элет жериндеги ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалганын белгилеп, анын ичинде салык боюнча берилген сезилээрлик жеңилдиктерди атады. 

«Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду. Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктардан бошотулду», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылган. Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт. Ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылды. Президент административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылганын белгиледи жана 2021-жылдын январь айына чейин ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылга убактылуу тыюу салынганын эске салды.


Новости по дате