http://ktrk.kg/Ар улуттан курулган үй-бүлө эл ынтымагын бекемдейт

Ар улуттан курулган үй-бүлө эл ынтымагын бекемдейт

12 Фев , 22:38 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрү бири-бирине кыз берип, уул үйлөп, эл ичиндеги ынтымак менен биримдикти дагы да бекемдеп келет. Көп улуттун өкүлү жашаган Жалал-Абад облусунда интернационалдуу үй-бүлөлөр арбын. Алардын бири Искенажиевдердин үй-бүлөсү. Түрк улутундагы жигит кыргыз кызы менен баш кошуп, бактылуу өмүр сүрүп, башкаларга да үлгү.

Акрам Искенажиев азыр 60 жашта. Айылдаштары менен аны таанып билген замандаштары “балбан” деп атап коюшат. Ат үстүндө чоңойгон аксакал кезинде улак тартыш боюнча алдына киши салдырган эмес. Көпчүлүгү көтөрө албаганды жерден эңип, байгелерди багындырган. Жашы бир топко барып калса да, балбан улак оюндарынан калбай катышып, жаштарга башы-көз болот, насаатын айтып турат. Кез-кезде жаштар менен тең тайлашып, улак тартышып коет.

Кезинде Уриат апынын ата-энеси түрк ултундагы жигитке турмушка чыгуусуна анча деле каршылык көрсөткөн эмес. Ага эки улуттун бир туугандай эриш-аркак болушу себеп дешет.

Эми Уриат эненин 2 келини түрк улутунан, эң улуу келини кыргыз. Жазгүл Сонунбекова Аксы жергесинин кызы. Көп улуттуу үй-бүлөнүн келини болуусыймык экенин айтат. Акрам аксакалдын улуу небереси белгилүү улакчы болууну максат кылат. Азыртан чоң атасы менен улак оюндарына катышып, спорт менен машыгат.

Акрам Искенажиев "Түрк Ата" коомунда мүчө. Ынтымакты бекемдөөгө багытталга улут аралык ар кандай иш-чараларга жубайы экөө активдүү катышат. Ал эми Уриат эненин ыр аткаруу жагынан таланты мыкты. Өлкөнүн өркүндөп өсүшүндөгү эң негизги кепилдик - улут аралык туруктуулук экени талашсыз. 1 миллиондон ашкан калкы бар Жалал-Абад жергесинде 30 дан ушуун улуттун өкүлү бар. Алар бөлүнүп-жарылуу дегенди билбей, бири-бирине кыз берип, уул үйлөп ынтымакта жана биримдикте жашап келишет.


Новости по дате