http://ktrk.kg/Шайлоого карата жарандарды массалык каттоого алуу иши текшерилет

Шайлоого карата жарандарды массалык каттоого алуу иши текшерилет

14 Фев , 11:22 314

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Апрель айына белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата жер-жерлерде массалык түрдө жарандарды каттоо жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар тыкыр текшерүүгө алынат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болот. 

Эске сала кетсек, буга чейин БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан эле. Маселе, парламенттин жалпы жыйынында дагы көтөрүлдү. Эксперттер көрүнүштү эки жактуу кароого чакырышууда.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"

Новости по дате