http://ktrk.kg/Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

14 Фев , 13:42 536

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык жана ак ниеттүүлүк менен сүйлөшүү - ийгиликтин кепилдиги. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди. 

Өкмөт башчы бизнес тарабынан көтөрүлгөн бир катар маанилүү демилгелердин жүзөгө ашырылышы боюнча айтып, айрым сандарга токтолду. Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү темпинин болжолдуу көрсөткүчү 0,5 %га көбүрөөк аткарылган. Анын көлөмү 590 млрд сомго жетти. 6,5 миң жумуш оруну түзүлдү. Импортту алмаштыруу, инвестиция тартуу боюнча жылыштар бар, аймактардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүндү, 51 долбоор каржыланды. 

Кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы боюнча 80% жеңилдиктер берилген, аймактардагы кайрадан ачылган ишканалар үчүн салыктын 4 түрү боюнча 5 жылга бошотуу механизми киргизилген. Муну менен катар өкмөт башчы ишкерлер менен инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө ишеним көрсөтүү маселесине чекит коюу керек деген оюн айтты.

"Өткөн жылдын жыйынтыгы өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн пайдубалын гана түзөт. Андан кийин жеке менчиктин жана салымдын кол тийбестигине кепилдик берген атайын чараларды кабыл алышыбыз керек. Биз ишкерликти ачууда жана аны жүргүзүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек",- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Новости по дате