http://ktrk.kg/Өткөн жылы өлкө боюнча 13 маалымкат автоматташтыруу тутумуна кошулду

Өткөн жылы өлкө боюнча 13 маалымкат автоматташтыруу тутумуна кошулду

14 Фев , 17:13 267

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылы 13 маалымкат автоматташтыруу тутумуна кошулду. Бул тууралуу электрондук өз ара аракеттенүү борборунун директору Нурия Кутнаева "Кыргызстандын санариптик күн тартиби 2020: экономиканы өнүктүрүүдө жаңы форматка өтүү, интеграциялык процесстер" деп аталган тегерек столдо билдирди. Ошондой эле, ал «Түндүк» тутуму жөнүндө да айтып берди. Аталган система 2016-жылы киргизилген, бирок натыйжаларга жетүү үчүн бардык мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө киргизүү зарыл. Бул үчүн "электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. 

Эгерде 2018-жылдын июнь айында "Түндүк" тутуму боюнча 3 мамлекеттик орган 7 багыт боюнча маалымат алмашкан болсо, бүгүнкү күндө 42 мамлекеттик орган жана 20 коммерциялык курамдар 510 электрондук сервисти колдонгон. 2019-жылы коммерциялык түзүмдөр "Түндүк" тутумуна кошула алышкан жана 12 млн транзакциялар аткарылган. Ал эми 2018-жылы 85 тесттик транзакциялар болгон. 2020-жылы 4 млн коммерциялык түзүмдөр маалымат базасына кайрылган.


Новости по дате