http://ktrk.kg/Өлкө аймагында коронавирус чыккан учур жок

Өлкө аймагында коронавирус чыккан учур жок

15 Фев , 18:53 259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагында коронавирус чыккан учур жок. Бул туурасында өлкө аймагына Коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Аталган жыйында саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана башка бир катар тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тармактык багыттарда комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. 

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык чаралар кабыл алынды. Зарыл болгон бардык шарты бар байкоо салуучу убактылуу жайлар уюштурулду. Текшерүү учурунда бардык анализдердин жыйынтыгы чыкканча жарандар байкоо салуучу убактылуу жайларга жайгаштырылып жатат. Бул иштер саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө. 

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандарына алардын укугун коргоо жана саламаттыгына кам көрүү максатында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү, кеңеш берүү иштерин улантууда. Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Новости по дате