http://ktrk.kg/Кытайда тараган коронавирустан 11 миңге жакын адам айыкты

Кытайда тараган коронавирустан 11 миңге жакын адам айыкты

17 Фев , 12:48 182

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 10 миң 884гө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Вирусту 70 миң 548 адам жуктурса, 1 миң 770 киши каза болгон. 

Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалымат боюнча вирусту жуктуруп алгандар 31 провинциядан катталган. Анын ичинен 10 миң 644 адамдын абалы оор деп бааланууда. Ал эми Кытайлык дарыгерлер коронавирус козгогон илдет менен ооруган адамдын канынан алынган плазманы кайра куюу ыкмасын колдонууда. Дарылоонун жаңы ыкмасынын натыйжалуулугу тууралуу басма сөз жыйынында Ухань шаарындагы “Чжан Динюй” ооруканасынын башчысы билдирген.

Адистердин айтымында, илдетке кабылып, айыккан адамдарда ооруга туруштук берүүчү заттар табылган. Маалым болгондой, азыркы тапта бул жаңы ыкманын жардамы менен оор абалдагы бейтаптардын онго жакыны айыкты. Ошондой эле, Шанхайдын Тунци университетинде жаныбарларга коронавирустун вакцинасы сыналууда. Маалыматка таянсак, апрель айында ал клиникалык сыноого чыгарылат.

Новости по дате