http://ktrk.kg/Өзбекстанда Түркиянын өзгөчө өнөр-жай аймагынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн

Өзбекстанда Түркиянын өзгөчө өнөр-жай аймагынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн

18 Фев , 9:34 371

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстанда Түркиянын «Гебзе» өзгөчө өнөр-жай аймагынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн. Бул маселе Анкарада Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын жолугушуусунда талкууланды.

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин билдиришинче, жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын техникалык жардам көрсөтүү жана жеңилдетилген насыя берүү программаларынын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да көтөрүлдү. Мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы преференциалдык соода макулдашуусуна кол коюуга даярдыктарды тездетүү тууралуу сөз болду.

— Бул чаралар Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча эки өлкө президенттеринин тапшырмаларын аткарууга жардам болот, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Новости по дате