http://ktrk.kg/Коронавирус: "Diamond Princess" кемесиндеги кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык

Коронавирус: "Diamond Princess" кемесиндеги кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык

19 Фев , 9:45 182

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова штаб вирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алып жатканын айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок. 

Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча, 18-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргызстандын жарандары аныкталган эмес. Япониядагы элчилик "Diamond Princess" саякаттоочу кемеде болуп, коронавирусту жуктурду деп айтылып жаткан кыргызстандыктар менен байланышты үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. 

Элчилик Япониянын Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери менен байланышта болууда. Кыргызстандын жараны дагы вирусту жуктурушу ыктымал деген маалымат Кыргызстандык жаран менен кеменин бир бөлмөсүндө чогуу болгон кишиден коронавирус чыккандыгына байланыштуу чыгышы мүмкүн. Бирок кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Новости по дате