http://ktrk.kg/Жолдо жүк ташуу эрежесин бузгандарга карата айып пулдар катаалдашат

Жолдо жүк ташуу эрежесин бузгандарга карата айып пулдар катаалдашат

19 Фев , 15:28 309

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактарга айып пул чараларын катаалдаштыруу зарыл. Мындай демилге парламентте көтөрүлүп, тийиштүү мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Документ автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтыруу жолу менен адам катышын жокко чыгаруу, транспорттук көзөмөл жайларындагы коррупцияны жоюуга багытталган. Автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 17000 сом, юридикалык жактарга 55 000 сом айып пул салуу сунушталууда. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате