http://ktrk.kg/Интернет түйүндөрү аркылуу жалган маалымат тараткандардын саны арбыды

Интернет түйүндөрү аркылуу жалган маалымат тараткандардын саны арбыды

19 Фев , 22:56 140

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маалыматтык технологиянын өнүгүшү менен маалыматтык коопсуздук маселесинин актуалдуулугу күчөдү. Интернет түйүндөрү аркылуу жалган маалымат таратып эл бүтүндүгүнө бүлүк салгандар арбыды. Айрымдары муну акча табуунун, жан багуунун ыкмасына да айландырышкан. Башкача айтканда жалданып жалган маалымат жазгандар да бар.

Бүгүн социалдык түйүндөр жана интернет булактар аркылуу тарап жаткан кабарлардын бардыгына эле ишене берүүгө болбойт. Себеби, аны тараткандар ар түрдүү максатты көздөшөт. Айрымдары саясий, геосаясий, кээбири жеке максатын ишке ашыргысы келсе, экономикалык кызыкчылыкты көздөгөндөр да бар. Ал тургай диний көз карашын таңуулагандар да четтен чыгат. Башкача айтканда кайсы бир тараптардын маалыматтык согуштагы куралы болуп калышыңыз толук мүмкүн. Андыктан экраныңызга чыккан жаңылыктарга ишенүүдө абайлаганыңыз оң.

Интернет аркылуу комментарий, постторду, билдирүүлөрдү жазып жанын баккандар бар. Ал үчүн аларга оңой эмес акча төлөнөрүн атын атагысы келбеген каарманыбыз айтып берди. Экрандын маңдайында отуруп жалган жаңылыктарды таратканы үчүн ага кадимкидей эле айлык төлөп беришет.

Психологдордун айтымында адам табиятынан эле жалган жаңылыктарга бат ишенет. Интернет колдонуучулардын фейк жаңылыктарга тез ишенип жаткандыгы ошондон.

Медиа серепчилердин айтымында жалган интернет колдонуучулар өлкөдө боло турган саясий өнөктүктөрдү утурлай активдешет. Бул жылда боло турган жергиликтүү жана парламенттик шайлоо алдында да акчага жалданып жалган жаңылык тараткандар интернет чөйрөдө жандана баштаганы байкалууда.

Укук талаасына келе турган болсок жалган жаңылык таратууга атайын берене да бар. Мыйзам чегинде кылмыш катары каралып, жаза чегерилет.

Жалган жаңылык таратуунун натыйжасы да жакшылыкка алып келбейт. Жакында эле коңшу өлкө Казакстандын Масанчи айылында болгон окуяны эстесек, эки адам ортосундагы мушташ бүтүндөй айылды бүлгүнгө салды. Чагымчылдар интернет аркылуу жалган маалымат таратып улуттар ортосундагы достукка доо кетиришти. Андыктан ар бир кабарды терең анализдеп, чын төгүнүн бышыктап анан ишенүү керек. Андан тышкары кол телефонубузга келген ар бир билдирүүнү, чакырыктарды кайра башкаларга таратуу да туура эмес экендигин адистер айтышат. Ал эми жалган маалымат таратып жан баккандар Кыргыздын “калптын казаны кайнабайт” деген асыл сөзүн эстен чыгарбаса. 



Новости по дате