http://ktrk.kg/Бүтүрүү кечелери кайгуул милициясы тарабынан көзөмөлгө алынат

Бүтүрүү кечелери кайгуул милициясы тарабынан көзөмөлгө алынат

24 Май 2016 , 12:12 1384

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйылкы бүтүрүү кечелери кайгуул милициясы тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Экинчиден, бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин  атайын буйругу чыкты. Үчүнчүдөн мындай шаан-шөкөт өткөрүүгө ата-энелер комитеттери да нараазы  экендиктерин билдиришүүдө.

Аз күндөн кийин он биринчи класстын окуучулары мектепти бүтүрүшөт. Буга чейин белгиленип келген кечелерге быйыл көп тараптуу чектөөлөр киргизилип. Бөгөт коюлууда. Бирок, ага карабай мындай көз караш айткан ата-энелер жок эмес.

Быйылкы жылы мектептердеги акыркы коңгуроо, андагы бүтүрүү кечелерине көзөмөл күчөтүлмөй болду. Бул багытта кайгуул милиция менен кошо өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор, элдик кошуун да тартылмай болду.

К. Калилов, “Биринчи радио”


Новости по дате