http://ktrk.kg/Бүгүнкү күндө 13 маалымкат электрондук түргө өткөрүлдү

Бүгүнкү күндө 13 маалымкат электрондук түргө өткөрүлдү

21 Фев , 21:30 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү күндө 13 маалымкат электрондук түргө өткөрүлдү. Жарандарды ашыкча кезек күтүү, бюрократиялык көрүнүштөрдөн арылтуу аракети жасалууда. Учурда жарандарыбызга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду.

Негизги максат - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандарыбызга ыңгайлуулук жаратуу жана адам факторун жокко чыгаруу. Мамлекеттик мекемелер ортосунда өз ара документ алмашууну камсыздаган "Түндүк" тутуму иштеп жатат. Узап бара жаткан аптада Кореянын KOIСA уюму менен санарип саясатты ишке ашырууда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.


Новости по дате