http://ktrk.kg/Зомбулукка кабылган аялдардын саны арбыды

Зомбулукка кабылган аялдардын саны арбыды

24 Фев , 13:12 4045

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл жаңырышы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны арбыды. Алсак, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна 2020-жылдын январь айында эле, 97 жаран кайрылган. Алардын көпчүлүгү зордук-зомбулукка кабылып, үй-бүлөсү ыдырап, 2 жолго түшкөндөр болгон. Бул учурда аталган кризистик борбор үй-бүлөнү сактап калуу максатында болгон иш-аракеттерин жасаганы менен кайрылгандардын саны азая элек.

Ош шаарында келинчегин автоунаасы менен сүйрөткөн деген шек менен жолдошу кармалган. Жабырлануучунун айтымында, ал шаардагы мончодон үйүнө кайтып бара жатканда күйөөсү машинасы менен коюп кетүүгө аракет кылып, кийин сүйрөткөн. Анын кесепетинен жабырлануучу жаракат алып, учурда Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат дейт милициянын маалымат кызматынан өкүлү Абсатар Тавакалов.

"Аялдардан зомбулукка кабылгандардан жалгыз эле бул жагдай эмес. Коомчулукта мындай көрүнүштөр күн санап өсүп жатат. Айрымдары зомбулукту жаап-жашыргылары келет. Бир гана аялдарга милдеттерди жүктөй бербестен, алардын укуган да коргош керек",- дейт Ош МУнун доценти Мастура Шарипова.

Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Айрым маалыматтарга караганда, алардын 95 пайызын аялдар түзөт. Активисттердин айтымдарында аялдарга куру сөз менен колдоо көрсөтүп эле койбостон, коргоого алышса дешет. Үй-бүлөдө интеллектуалдык патенциал болсо, зордук-зомбулук да азаймак дейт жарандык активист Айсулуу Аскарбекова.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, акыркы 2 жылда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны көбөйгөн. Алардын 74 пайыздан көбү сабалып, 25 пайыздайы психологиялык басымга кабылат.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"

Новости по дате