http://ktrk.kg/Кытай: коронавируска каршы вакцина алдын ала жакшы натыйжасын көрсөтүүдө

Кытай: коронавируска каршы вакцина алдын ала жакшы натыйжасын көрсөтүүдө

24 Фев , 16:59 1221

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайда коронавируска каршы табылган вакцина алдын ала жакшы натыйжасын көрсөтүүдө. Бул туурасында Интерфакс Кытайдын Орусиядагы элчиси Чжан Ханьхуэйге шилтеме берип жазды. 

Бирок бул алдын ала гана көрсөткүч, ал мындан ары тереңдеп текшерүүгө жана дагы жакшылап иштеп чыгууга муктаж, - деди элчи. Ошондой эле, тажрыйба көрсөтүп жаткандай, кытай дарысын колдонгондор арасында бир дагы оорунун өтүшүп кеткен учуру болгон эмес. Дарынын жалпы натыйжасы 85%, айрым райондордо 90%ды көрсөтүүдө. Кытайда коронавируска каршы табылган бул эски дары безгек дартына каршы ондогон жылдар боюу колдонулуп келген. 

Мындан сырткары, советтик өндүрүштөгү да дары бар. Азырынча бул эки дары натыйжалуу деп эсептелүүдө. Эң натыйжалуу ыкма - европалык медицинаны кытай медицинасы менен айкалыштыруу, - дейт элчи. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бул ооруга Ковид-19 деп расмий ат берген. Аны жуктургандар бүгүнкү күндө 20дан ашуун өлкөдө табылды. Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда 77 миң адам вирусту жуктуруп алган. Жыйырма миңге жакын адам оорудан айыкса, 2 жарым миң адам каза болгон.



Новости по дате