http://ktrk.kg/Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө

25 Фев , 10:30 225

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү күнгө карата республикада коронавирус катталган жок. Бул туурасында вирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. 

Учурда 143 адам стационардык шартта, 391 адам жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө. Чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрмө жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун улантууда.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдөгү абалды эске алуу менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги астында аракет көрүүнүн алгоритмин өзгөрттү. Ага ылайык, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Кытайдан келгендер 14 күн бою атайын жайларда карантинде кармалышат. 

2020-жылдын январь айынын аягынан баштап эпидемиологиялык абал жакшы болбогон өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер тиешелүү текшерүүдөн милдеттүү түрдө өткөрүлүүдө. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө үчүн зарыл чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Новости по дате