http://ktrk.kg/Түркмөнстанда аварияга байланыштуу Өзбекстанга электр кубатын экспорттоо азайды

Түркмөнстанда аварияга байланыштуу Өзбекстанга электр кубатын экспорттоо азайды

25 Фев , 12:59 310

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түрмөнстандын жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиясындагы аварияга байланыштуу Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо 13 эсеге азайды. Бул тууралуу «Өзбекстандын улуттук электр тармактары» компаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-февралда Түркмөнстан менен Өзбекстанды байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиясында авария болгон. Натыйжада түркмөн электр кубатын экспорттоо 780 МВттан 60 МВтка чейин азайган.

22-февралда түркмөн энергетиктери абалды жөнгө салганы тууралуу маалымат тараган. Электр кубатын экспорттоо жакынкы күндөрү калыбына келтирилет.

Түркмөнстандын расмий басылмалары бул тууралуу маалымат тараткан жок.

Өзбекстан түркмөн электр энергиясын 2019-жылдын 1-декабрынан тарта импорттоп баштаган.

Учурда Өзбекстан саатына 69 млрд кВт электр энергиясын пайдаланат. Өлкө Тажикстан жана Казакстандан да электр кубатын сатып алат.

Новости по дате