http://ktrk.kg/Кытайдын элчисинин катышуусунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Кытайдын элчисинин катышуусунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

25 Фев , 16:27 154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү. Ага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты. Анын айтымында, дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу жана дарыгерлердин аракети менен 27 миңден ашык адам илдеттен айыкты жана учурда абал көзөмөлдө. Элчи Кыргызстандын өкмөтүнө жана жарандарына Кытай элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык эле айтып жатат. Ошол эле учурда бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте иш алып барууда. Учурда эл аралык кызматташтык активдүү жүрүп жатат деп айта алам”,- деди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь. 

“Бүгүнкү тегерек столго Кытайдын элчиси келди. Корнонавирус боюнча маалымат берип жатат. Жайга чейин Кытайда абал жакшырат деген ойдомун. Биздин окуу жай Кытай Университеттери менен көп жылдардан бери кызматташып келет”,- деди КУУнун проректору Туратбек Суранаев.   

Новости по дате