http://ktrk.kg/Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт

26 Фев , 11:17 3398

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте IT долбоордун планын түзгөнүн ведомстводон билдиришти. 

Эң негизги максаты — автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, чет өлкөдөгү жарандар түрдүү документтерди тез арада алышына шарт түзүү. "Азыркы тапта чет жактагы жарандар арыздарын кагаз түрүндө толтуруп, диппочта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул система ишке киргенден кийин арыздар онлайн түрүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга жетет. Муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү бир топко кыскартылат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, чет өлкөдө туруп эле паспорт алууга жана айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү системасын киргизүү пландалууда. Ошондой эле, жарандык боюнча арыздар кабыл алынат.

Мамкаттоо азыркы тапта 38 чет өлкөлүк мекемеде автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштеп жатканын белгилейт. Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынган.

Новости по дате