http://ktrk.kg/Кыргызстанга Англиянын туристтерин тартуу аракети көрүлүүдө

Кыргызстанга Англиянын туристтерин тартуу аракети көрүлүүдө

26 Фев , 14:28 2751

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон Кыргызстанга туристтерди тартууга чакырды. 

Лондондо 25-февралда «Кыргызстандын туризм жолу» аталышында иш-чара өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган. Бул иш-чарага британ премьер-министринин атасы, 80 жаштагы Стенли Жонсон да катышты. Ал 2018-жылы Кыргызстанда илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Европарламенттин мурдагы депутаты, азыркы белгилүү активист жана жазуучу жыйынга катышкан британиялык туристтик компанияларды Кыргызстан менен иштешүүгө чакырды. 

Мындай жолугушуулар Манчестер менен Эдинбург шаарларында да уланмакчы. Иш-чарага Кыргызстандан 12 туркомпаниянын өкүлдөрү жана «Мурас» элдик аспаптар тобу катышты. Кыргызстандын элчилиги «Түрк аба жолдору» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Натыйжада, Англиядан Кыргызстанга 2020-жылы аттанган туристтик топтор үчүн билеттин баасы 20 % арзандайт.

Новости по дате