http://ktrk.kg/Кытайдан келген 40 студент үйлөрүнө таркашты

Кытайдан келген 40 студент үйлөрүнө таркашты

26 Фев , 22:01 159

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдан келип эки апта бою карантиндик шарттагы кароодон өткөн кыргызстандык 40 студент бүгүн үйлөрүнө таркашты. 13-февраль күнү алар Кытай - Алматы учак каттамы аркылуу коңшу Казакстандан атайын жиберилген автобус менен мекенине келип, текшерүүдөн өтүшкөн.

Алар  эки апта бою Беловодск айылындагы аймактык ооруканада атайын даярдалган бөлмөлөрдө болушту. Талап кылынган бардык текшерүү процедураларынан кийин аларда эч кандай оорунун белгилери жок деп табылып, үйлөрүнө чыгарылды. Абалга ата-энелери түшүнүү менен карап, уюштурган жоопкерчиликтүү иши үчүн өкмөткө ыраазычылыгын айтып жатышты.
студент мекендешибиз келген. Коронавирус үрөйдү учуруп жаткан маал болгондуктан, адистер алардын ичинен кыздарды Беловодскидеги аймактык ооруканага, балдарды Беш-Күнгөй айылындагы аскер госпиталына жаткырып, кылдат текшермек болушкан.
Студенттердин маанайлары жакшы. Карантинде тез-тезден дене табын текшерип, анализ алып көзөмөлдөп турушту. Эми алар Кытайга барууну жыйыштыра туруп, билимин интернет аркылуу улантышууда.






Новости по дате