http://ktrk.kg/Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктургандар 3 жарым миңден ашты

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктургандар 3 жарым миңден ашты

27 Фев , 11:23 134

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктургандар 3 жарым миңден ашты. Түштүк Кореяда 1 күндө 334 адам вируска чалдыккан. 

Бул өлкөдө ага кабылгандардын жалпы саны 1 жарым миң адамга жетти. Ал эми карантинге алынган "Diamond Princess" саякаттоочу кемесинде вируска кабылган 705 киши бар, Японияда 171 адам, Италияда вирус жуктургандар 1 күндө 267ге көбөйүп, жалпы 470 адам болду, Иранда 139, АКШда 60 киши катталган. 

Ал эми каза болгондор Иранда 19, Түштүк Кореяда 12, Италияда 12 адам. Кытайда болсо коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2 мин 747ге жетти. Андан сырткары, жалпы 78 миң 630 адамга вирус жуккан. Ал арада, вируска кабылган 32 миң 531 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.


Новости по дате