http://ktrk.kg/Кыргызстандын лабораториялары ЕАЭБ талабына шайкеш келет

Кыргызстандын лабораториялары ЕАЭБ талабына шайкеш келет

27 Фев , 22:43 942

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылдын аягында лабораториялар жабдылган. Бүгүнкү күндө, ата мекендик адистер ар кандай анализ жана диагноздоо ишин жүргүзө алышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун иши менен таанышты.

Эки жыл мурда бул мекемени эл аралык маанидеги изилдөөчү борбор гана эмес улуттук деп айтуу кыйын эле. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн аталышына шайкеш келет.

Бул үчүн албетте мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, мында заманбап жабдуулар орнотулду. Борбордун кызматкерлери ветеринария жаатындагы акыркы стандарттар боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн адистеринен окуудан өтүштү. Эгерде мурда ата мекендик фермерлер сынамыкты коңшу өлкөлөргө анализге жөнөтүүгө туура келсе, бүгүнкү күндө каалаган изилдөөнү Ош облусундагы лабораторияга же бул жерден тапшырса болот. Премьер-министр лабораториянын ишмердиги менен таанышып, Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кирээр алдындагы коюлган максаттарынын бирине жеткендигин айтты.
Адистер белгилегендей, жаңы жабдуулар көп чыгымдарды талап кылат.
"Изилдөө үчүн зарыл болгон реагенттер Германиядан атайын тапшырык менен алынды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгерде жылына 5 миллионго жакын сынамык иликтенсе, 50 млн сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл".

Өкмөт башчы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчилигине тиешелүү сунушту Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды. Айта кетсек, Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Ош шаарындагы лаборатория сыяктуу эле улуттук макамга ээ. Эки лаборатория тең Евразия экономикалык бирлигинин реестрине киргизилген. Жалпысынан өлкөдө 19 лаборатория бар. Анын 2өө улуттук, 4 аймактык жана 13 аймактык ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар.



Новости по дате