http://ktrk.kg/УКМК: бийликти басып алууга үндөгөн адам кармалды

УКМК: бийликти басып алууга үндөгөн адам кармалды

2 Март , 10:19 638

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 29-февралда тараткан маалыматка караганда, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында О.Б кармалган. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 2-мартта Бишкекте өтчү митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга чакырган.

«Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет» деп айтылат маалыматта.

Новости по дате