http://ktrk.kg/Жыл башынан бээри 91 миң 80 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Жыл башынан бээри 91 миң 80 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

2 Март , 13:31 271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 1-январынан 27-февралына чейин 91 миң 80 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, жалпысынан ар кандай эреже бузуулар үчүн 4 миң 680 унаа айып токтотуучу жайга токтотулган. 

Ошондой эле 1 миң 392 айдоочу унаасын мас абалда башкарган, 602 унаанын терезеси караңгылатылган, 36 миң 632 айдоочу унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган, жөө өтмөктө 826 эреже бузуу фактысы катталган.


Новости по дате