http://ktrk.kg/Уран жана торий ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам талкууга коюлду

Уран жана торий ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам талкууга коюлду

2 Март , 14:24 859

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөгө курамында уран жана торий бар калдыктары менен чийки заттарды ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. 

Мекеменин маалыматына караганда, көзөмөлгө алынуучу өндүрүмдүн улуттук тизмесине өзгөртүү киргизүү каралууда. 2019-жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. 

Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Новости по дате