http://ktrk.kg/Ысык-Көл облусу: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган иш-чара өттү

Ысык-Көл облусу: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган иш-чара өттү

5 Март , 10:34 2862

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айыл өкмөтүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган иш-чара өттү. Саамалыкка 60ка чукул бала ата-энелери менен чакырылган. Иш чаранын максаты - майыптыгы бар балдарга жана ата-энелерине сый көрсөтүп, көңүлүн ачуу менен көйгөйлөрүн угуу. 

Жолугушууда чектелген мүмкүнчүлүккө карабай, балдарын коомго активдүү аралаштырууну каалаган ата-энелер өз ойлорун ортого салышты. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багуунун мүшкүлү талкууланып, атайын даярдалган белектер тапшырылды. Бул иштер Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата райондо орун алган алгачкы аракет болуп калды.

Новости по дате