http://ktrk.kg/Окуучулардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу багытталган семинар өттү

Окуучулардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу багытталган семинар өттү

5 Март , 13:54 758

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Китеп түгөнгүс байлык". Мындай аталыштагы облус аймагындагы орто мектептердин китепканачыларын окутуу, тажрыйба алмашуу семинары Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Мында окуучулар окуган китептериндеги башкы каармандарынын, жан-жаныбарлардын образын чагылдырып, андагы чындык менен калпты, окуган бала менен окубаган баланын айырмасын көрсөтүп беришти. Мындан сырткары китепканачылар окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу аракеттери боюнча тажрыйба алмашышты. Педагогдордун баамында балдардын китепти сүйүп окууга куштарлыгына ата-энелердин салымы чоң. Анткени бала үйүнөн көбүрөөк китеп окуганга мүмкүнчүлүгү бар.

"Иш чарабыз акырындап максатына жетип жатат. Облус аймагындагы мектептерден келген итепканачылар тажыйырба алмашып кеңири пикир алмашышты. Бул мектептеги биз үлгүлүү деген китепкананын иши менен таанышышты. Мындан сырткары иш кагаздары, башкалар менен да тажыйырба алмашуу болду",- деди облустук билим берүү институтунун өкүлү Гүлнур Жумабаева. 

"Китепти бала окушу үчүн эң биринчи ата-эне да кызыкдар болушу керек. Алар балага ар түрдүү китепти, жомокторду окуп берип кызыктырып койсо бала мектепке келгенде да анысын мугалим ийгиликтүү улантып кетет деп ойлойм. Жомок угуп ага кызыккан бала турмушта мээримдүү, күйүмдүү, ак караны ажырата билген бала болуп келет",- деди Жети-Өгүз районундагы Д.Иманов атындагы орто мектептин директору Айнагүл Кадыркулова. 

Новости по дате