http://ktrk.kg/Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок

Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок

6 Март , 9:36 238

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. 

Жыйында белгиленгендей, республикада 5-мартка карата эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок. Мамлекеттик чек арада бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болуп турушат. Өлкөгө келген жарандарды текшерүү процедуралары Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген эрежелерине ылайык жүрүүдө. "Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пункттарынын адистери иш-аракеттер алгоритмине ылайык иштеп жатышат. 

Чек ара кызматынын кызматкерлери паспортторду текшергенден кийин дарыгерлерге жаран эпидемиологиялык абал начар өлкөдөн келгени тууралуу билдирет. Мындай шартта дарыгерлер сурамжылоо баракчасын толтуруп, карантинге жөнөтүшөт.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, республикада жакынкы арага пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чаралар токтотулду. Бул сунуштама менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жетекчилери таанышып чыккан. Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарды кыргызстанда коронавируска кабылгандар бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө жана социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.


Новости по дате