http://ktrk.kg/Кыргыздрам театрынын актерлеру британиялык "Глобус" театрынын актерлору менен биргеликте спектакль коюшат

Кыргыздрам театрынын актерлеру британиялык "Глобус" театрынын актерлору менен биргеликте спектакль коюшат

12 Янв 2016 , 4:25 764

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Т.Абдумомунов атындагы улуттук академиялык кыргыздрам театры британиялык "Глобус" театрынын актерлору менен биргеликте У.Шекспирдин чыгармасына жаңы спектакль коюуну пландап жатышат. 

Аталган театрдын директору Темирлан Сманбековдун айтуусу боюнча, мындай сунушту Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги киргизген. Жаңы спектакль белгилүү англис акыны жана драматургу У.Шекспирдин "12-түн" аттуу чыгармасынын негизинде коюлат. 

Ал эми, жаңы долбоорду ишке ашырууга даярдык иштери азыртадан эле башталганын театр директору кошумчалай кетти. 


Новости по дате