http://ktrk.kg/Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу иштери башталды

Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу иштери башталды

10 Март , 10:57 542

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаздын келиши менен жер-жерлерде жашылданыруу, көрктөндүрүү башталды. Быйыл Жалал-Абад шаарына 22 гүлдүн түрү отургузулат. Ушул тапта көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын күнөсканасында калаа аймагына отургузула турган гүл көчөттөрүн өстүрүү иштери жүрүп жатат. 


Февраль айында себилген гүл уругунун көбү жер бетинен көтөрүлүп калды. Өнүп чыга элеги дагы бар. Көчөттөр апрель айынын башында даяр болсо, шаар аймагындагы аянттарга жана коомдук жайларга олтургузулат. Быйыл Жалал-Абадда 22 гүлдүн түрү өстүрүлүүдө.

Кыш айында күнөсканада уруктан көчөт өндүрүү оңой эмес. Ага кылдаттык менен чоң мээнет талап кылынат. Мына ушул көчөттөрдү даярдоодо кызматкерлердин эмгеги чоң. Эрмамат Жуманазаров Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасында 10 жылдан бери эмгектенет. Анын милдетине күнсөканада себилген уруктарды өстүрүп- даярдоо кирет. 









Новости по дате