http://ktrk.kg/Президенттин Баткенге иш сапары башталды

Президенттин Баткенге иш сапары башталды

10 Март , 15:17 661

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, Мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен барды. 

Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат. 

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат. Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.


Новости по дате