http://ktrk.kg/ “Манас таануу” телетаймашынын  жеңүүчүлөрү аныкталды

“Манас таануу” телетаймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

26 Май 2016 , 8:27 5627

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлдү. Мындай оюндун максаты - “Манас” эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтуу жана кыргыз элинин улуттук маданиятын сактоо болду. 

Быйылкы телеоюнга республикадагы орто мектептерден тандалып алынган 18 тайпа катышты. Анын 8 тайпасы гана финалга чыкты. Жеңүүчүлөрдү болсо белгилүү манасчылардан турган калыстар тобу аныктады. 

Ошентип Баш байгени Балыкчыдан келген “Эремет” тайпасы илип кетсе, биринчи орунду Ат-Башынын “Арзым” тайпасы утту. Жеңүүчүлөргө сыйлык катары чөнтөк телефон, планшет жана ноутбуктар берилди.


“Биздин тайпа үчүн “Манас таануу” теле сынагынан баш байгени жеңип алуу чоң сыймык. Мындай жеңишке жетиш үчүн биз көптөн бери даярданып келгенбиз...”, - деди баш байгени жеңип алган тайпанын катышуучусу Ашырбек Сүйүндүк.

“Биз негизи эле финалга чыгабыз деп ойлогон эмеспиз. Анан биринчи орунду да алабыз деп күткөн эмес элек, эми кубанычыбыз койнубузга батпай жатат. Жакшы окуганга аракет кылабыз...”, - деди биринчи орунду алган тайпанын катышуучусу Адилет Жумакадыров.

Новости по дате