http://ktrk.kg/Кыргызстанда дарыгерлер коронавируска каршы жаңы ыкмада иш алып барууда

Кыргызстанда дарыгерлер коронавируска каршы жаңы ыкмада иш алып барууда

11 Март , 22:06 317

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүн эпидемиологиялык абалына жараша үч категорияга бөлүүдө. Кырдаал курч болуп жаткан мамлекеттерден келген жарандар 14 күндүк карантинге алынышса, абалы аларга салыштырмалуу жеңилирээк же беш жүздөн аз коронавирусту жуктуруу учуру катталган мамлекеттерден кайтып келгендерди ооруканаларга каттоого алып, текшерип туруу белгиленди.

9-марттан бери дарыгерлер, санитар адистер коронавируска каршы жаңы ыкмада иш алып барып жатышат. Бул дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынган чечим.

Саламаттык сактоо министрлиги дүйнө өлкөлөрүн үч топко бөлүп, ага жараша тиешелүү иштер алып барылууда. Тизме алгачкы жолу өткөн аптада түзүлгөн.

Коронавирустун алдын алуу чаралары кеңейтилүүдө. Буга чейин базар, соода борборлору, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлсө, эми транспорт каражаттары зыянсыздандырылып жатат.

Коронавируска каршы натыйжалуу чара көрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык жүрүп жатат. Буга чейин Россия 2 жарым миң, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму миң тест-система берген. Алар адамдын канындагы вирусту бир нече сааттын ичинде аныктай алат.




Новости по дате