http://ktrk.kg/Ак-Өргө конушундагы мыйзамсыз салынып жаткан 3 кабаттуу батир

Ак-Өргө конушундагы мыйзамсыз салынып жаткан 3 кабаттуу батир

17 Март , 12:57 216

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Ак-Орго конушундагы Ташрабат көчөсүнүн тургундары мыйзамсыз курулуп жаткан курулушка нааразы болуп рубрикабызга билдирүү жөнөткөн.

Алардын айтымында, Биздин көчөгө 3 кабаттуу 24 батирлик үй салып жатат. Башында бул батирди салып жаткан жаран 2 этаж чоң үй салып жатам деп айтып жаткан. Качан гана курулуш иштери ортолоп калганда, батирлерди саттыка берип жатканда, көчөнүн тургундары билип калып, нааразы боло баштадык. Себеби салып жаткан жаран көчөнүн тургандарынан уруксат алган эмес. Документерин сурасак жок, эч кимден уруксат албай эле мыйзамсыз салышкан. Көчөбүз тар өзү, канализациябыз, суубуз, электр жарыгы 24 батирге эсептелген эмес. Бул деген жеке сектор. Тийиштүү органдар чара колдонуп беришин суранабыз,- деген Ташрабат көчөсүнүн тургундары.


Новости по дате