http://ktrk.kg/Кичи-Өрүктү айылынын тургундары эмнеге нааразы?

Кичи-Өрүктү айылынын тургундары эмнеге нааразы?

17 Март , 13:13 209

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын тургундары жол маселеси боюнча “Элдик репортер” билдирүү жөнөтүшкөн. Биздин көйгөй таза суубуз жок, жолдор баткак, айыл өкмөт, айыл башы, айыл депутаттары, иштебейт, көчөлөргө жарык коюлбайт. Таза суубуз жок ылай, малдын кыгы кошулган суу ичебиз. Бул көйгөйдү ким карайт, айыл башын ким көзөмөлдөйт. Отчёт беришпейт айыл тургундарына,  5жылдан бери таза суусу каралбайт. Айылыбызда бала-бакча жок, спорт зал салынып баштаганы  2жыл болду бүтпөй турат. Биздин айыл каралбайт, көчөлөрүбүзгө шагыл төгүлбөйт. Көйгөйүбүздү чечип берүүнөрдү өтүнөбүз,- деген айыл тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате