http://ktrk.kg/ Ошто эпидемиологиялык абал туруктуу

Ошто эпидемиологиялык абал туруктуу

18 Март , 22:36 242

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус менен ооругандар жок. Алдын алуу боюнча даярдыктар дагы күчтөндүрүлдү. Тийиштүү кызматтагылар 24 саат иш тартибине өттү. Бардык медицина мекемелеринде ыкчам телефон байланыштары ачылды. 

Ошто азыркы тапта, жалпы 136 жаран карантинге алынган. Булардын 74 эпидемиологиялык абалы жагымсыз өлкөлөрдөн өз мекенине кайтып келген мекендештерибиз болсо, 62 кичи ажылыктан кайткандар менен бир учакта келгендер. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгыда, вирусту жуктургандар жок. Январдан бери сырттан келген жалпы миңдей жаран текшерилген болсо, анын 385 14 күндүк карантинден өткөн. 







Новости по дате