http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

19 Март , 14:19 448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Министр кошумчалагандай, 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылык кылып кайткандардын саны 135 эмес, 144 адам болгону аныкталды. Алардын 142си табылып, обсервацияга алынган. Экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. Тышкы иштер министрлиги тарабынан бул эки жаран боюнча коңшу мамлекетке маалымат берилди. 

Сауд Арабиясынан келген башка жарандардын бардыгынан анализ алынып, анын жыйынтыктары аларда оору жок экенин көрсөттү. Ал эми жугуштуу илдетке чалдыккан 3 кишинин абалы азыркы учурда канааттандыраарлык, бейтаптар Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканада жатышат. Министр чет өлкөдөн келген жарандарды осервацияга алуу үчүн бардык шарттар бар экенин, аба базаларында жана казармаларда атайын жайлар даярдалганын айтты.



Новости по дате