http://ktrk.kg/Карантинге алынган Сузак районуна беткаптар жөнөтүлдү

Карантинге алынган Сузак районуна беткаптар жөнөтүлдү

19 Март , 16:05 311

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө 50 миң беткап жеткирилди. Медициналык беткаптар карантинге алынып, толук чектөө киргизилген Сузак районундагы 2 айылдын жашоочуларына, андан сырткары аймакта иш алып барган тиешелүү кызматтарга берилет. Беткаптар Жалал-Абад облусуна коронавирус боюнча республикалык штабдын чечими менен жөнөтүлгөн. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, бүгүндөн тарта облус аймагындагы дарыканаларга беткап түшөт.

“Ошол карантинге алынган айылдын жашоочуларына берилет. Айыл өкмөттөр бул жерден алып кетип, аларга таркатып беришет. Андан сырткары башкы штаб менен сүйлөшүү болду. Дарыканаларга беткаптар келип түшө турган болду”,- деди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов. 

Новости по дате