http://ktrk.kg/Коронавирус боюнча кырдаал президенттин жеке көзөмолүндө турат

Коронавирус боюнча кырдаал президенттин жеке көзөмолүндө турат

19 Март , 21:32 231

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого алуу жалпы коомчулуктун атуулдук милдети". Бул тууралуу президенттин кайрылуусунда жана өкмөт башчысы, парламент өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Өлкө аймагында коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур катталып, оорунун очогу болгон Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Мындан улам республикада түзүлгөн кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысы дароо жалпы өлкөгө кайрылуу жолдоп, дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого биздин мамлекет да туш келгенин айтып, илдетти муштумдай түйүлгөн биримдикте гана жеңүү мүмкүн экендигин белгиледи. Аны менен бирге президент Өкмөт башчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасы, парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушуп, тумоонун мындан ары жайылбашы үчүн аткарыла турган чараларды талкууга алды.



Новости по дате