http://ktrk.kg/Борбор калаадагы бейтапканалар онлайн кеңеш берүүдө

Борбор калаадагы бейтапканалар онлайн кеңеш берүүдө

20 Март , 22:19 349

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, билим берүү жайлары карантинге жабылды. Бирок окуу процесстери токтогон жок. Айрым мектептер аралыктан онлайн сабактарды уюштурууда. Келе жаткан аптадан тарта ар бир окуучу интернет аркылуу үй тапшырмаларын алып, сабактарын уланта алышат. Аны менен бирге саламаттыкты тактоо тармагында да онлайн медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Тарап жаткан инфекциядан улам борбордогу бейтапканалар күнү-түнү иштөө режимине өтүшкөн. Аны менен бирге ыкчам кайрылуу номерлери түзүлүп, жарандар ооруканага келбестен онлайн кеп-кеңеш алууда.

Ак халатчандардын айтканына таянсак илдетти жуктуруп алдым деп дароо ооруканага чуркаган туура эмес, өз саламаттыгыбызды ойлоп башкаларга да жуктуруп албоо аракетин көрүү керек. Ошондуктан онлайн түрдө же телефон аркылуу кайрылганыбыз оң. Эгер оорунун белгилери чын эле байкалып жаткан болсо дарыгерлер тобу айтылган дарекке барышат. Бишкек шаары боюнча ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат.

Илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында билим берүү мекемелери да карантинге жабылган. Учурда окуу процесстери токтоп турат. Мындан билим берүү министрлиги сабактарды онлайн уюштурууну колго алды. Дүйшөмбүдөн тарта иштеп баштамакчы. 

Борбордогу №5 мектеп аралыктан онлайн сабактарды өтүүнү мурдатан эле ишке ашыра баштаган. Окуу процессинин минтип мөөнөтүнөн эрте, чейрек бүтө электе токтогонуна байланыштуу окуучуларга онлайн сабактарды өтүү зарылчылыгы пайда болду. Ушул тапта мектеп жеке өзүнүн окуучуларына эмес республикадагы баардык билим берүү мекемелери колдоно алчу, электрондук китеп аркылуу окутуунун ыкмасын иштеп чыкты. 

Акыркы эки жыл ичинде ишке ашып жаткан санариптешүүнүн пайдасы бүгүнкүдөй кыйын мезгилдерде өзгөчө билинүүдө. Мамлекеттик саясаттын негизги максаты заманбап технологияны күнүмдүк турмушка киргизип гана коюу эмес, жарандарга жеңилдик түзүү экени анык болду. Дүйнө өлкөлөрү менен бирге биздин мамлекет да туш келген бүгүнкү кырдаал биздин даярдыкты текшерген чоң сыноо болуп жатат.


Новости по дате