http://ktrk.kg/Баткен облусунда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталды

Баткен облусунда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталды

21 Март , 12:07 269

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.

Бул маалыматты КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Новости по дате