
КР Куралдуу Күчтөрүнүн күнү белгиленди (фото)
27 Май 2016 , 15:17
1612
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Бүгүн Кыргызстан чакан бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон куралдуу күчтөргө ээ. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн 24-жылдыгы менен куттуктоосунда белгиледи.
29-май куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Коргоо кеңешинин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ардагерлер жана аскер кызматкерлери катышты.