http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок

23 Март , 10:26 343

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

COVID-19: Республикалык штабы билдиргендей, 23-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. 

COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

Новости по дате