http://ktrk.kg/Кыргызстанда 23-мартка карата коронавируска катталган жаңы учур жок

Кыргызстанда 23-мартка карата коронавируска катталган жаңы учур жок

23 Март , 13:10 666

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда бүгүн, 23-мартка карата коронавируска катталган жаңы учур жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Өкмөттө өткөн брифингде айтты. Коронавирус жуктурган 70 жаштагы жаран Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Анын айтымында, дагы бир аял ооруканада тыкыр көзөмөлгө алынган. Жалал-Абад ооруканасындагы башка вируска чалдыккандар дарыланып жатышат. Белгилей кетсек, бардыгы болуп республикада COVID-2019 вирусуна кабылгандардын саны — 14. Алардын алтоо эркек, 8 аял. Айтсак, Баткен облусунда – 1 адам, Сузак районунда – 8 адам,

Ноокат районунда – 3 адам, Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны — 2628 адам. Азыркы учурда Эпидемияга каршы иш—чаралар жүргүзүлүп жатат.

Новости по дате