http://ktrk.kg/Коронавирусту жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт

Коронавирусту жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт

23 Март , 13:20 480

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда оорунун эмес, маалыматтын пандемиясы болуп кетти. Бул туурасында Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтуусунда, коронавирус жуктуруп алгандардын 20 пайызы оорунун эч кандай белгилерин байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Жуктуруп алган 80 пайыздан ашык бейтапта ал өтө жеңил өтүп, 10 пайыздан жогорусу гана оор түрдө болуп жатат. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт. Вирус жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштык. Иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Ошол себептен бул вирусту өтө коркунучтуу деп кабыл алууга болбойт - деди Зуридан Нурматов.

Новости по дате