http://ktrk.kg/Бишкек: троллейбус жана автобустар каттамын токтоткон жок

Бишкек: троллейбус жана автобустар каттамын токтоткон жок

23 Март , 13:19 177

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Бишкек шаарында кичи автобустук маршруттар токтоду. Бирок троллейбус жана автобустар линияда. Мэриянын маалыматында, калаа боюнча 76 автобус жана троллейбус каттамдары иштейт. Ал эми Ош шаарында №1, №2 троллейбус жана №12, №13 автобус каттамдары эртең менен жана кечинде каттайт. 

Ош мэриясынын маалыматында, эртең мененки каттамдар: 1-рейс - саат 7:00, 2-рейс - саат 7:30, 3-рейс - саат 8:00. Кечки каттамдар: 1-рейс - 18:00, 2-рейс - 18:30, 3-рейс - 19:00. Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим бир айга созулат. Анын алкагында бир катар чектөөлөр киргизилди.

Новости по дате